
Бишкекте үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
19-февраль күнү жаран милицияга арызы менен кайрылган. Анда жолдошу ошол эле күнү болжол менен саат 21:30 чамасында ур-токмокко алып, курч буюм менен денесине жаракат келтиргенин айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 138-беренесине (уруп-сабап кыйноо) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча бир нече жолу жоопкерчиликке тартылганы аныкталган. Кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.