Азербайжан Ысык-Көлгө беш жылдыздуу мейманкана курууну пландоодо

Азербайжан Ысык-Көлгө беш жылдыздуу мейманкана курууну пландап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык баракчасына жазды.

«Парламенттин Бюджет комитетинде Азербайжан менен Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкана куруу боюнча макулдашууну карайбыз. Бул үчүн министрлер кабинети Кара-Ой айылынан 17 гектар жер бөлүп бермекчи. Анын 12 гектарына курулуш түшсө, төрт гектары парк, бир гектары пляж болот», — деп жазды депутат.

Бекешевдин айтымында, өкмөт пансионатка чейинки жолду куруп, мейманкананы 10 жылга чейин салыктан бошотуу милдетин алат. Мындан тышкары, мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен жерди 49 жылга берет.

Өз кезегинде Азербайжан үч жылдын ичинде мейманкананы куруп бүтүшү керек, жумушчуларынын 70 пайызын жергиликтүү тургундар түзүшү кажет.

11 Сентябрь 2023 жыл 10:11

Тема боюнча