Ажылыкка барууну каалагандар 9-ноябрдан тарта каттоодон өтсө болот

2024-жылы ажылыкка барууну каалагандар 9-ноябрдан тарта каттоодон өтсө болот. Муфтият каттоо 20-ноябрга чейин ID-карт менен уланарын билдирди.

Ал үчүн ажылыктын баштапкы эки миң доллары менен кайтарымсыз бир миң сом РСК банкына төлөнүшү керек.

«Эгерде 2023-жылдын 20-ноябрына чейин орун (квота) толуп калса, каттоо мөөнөтүнөн мурда токтотулат», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, зыяратка барчу аялдар үчүн махрамдын (күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми башка эркек тууганы болгон учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат) болуусу, 3×4 көлөмүндөгү 4 даана сүрөт, жалпы жарандык паспорт, №086у формасындагы медициналык справка, персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугу зарыл. Ошондой эле ажылыкка 18 жаштан жогорку адамдар бара алары эскертилди.

26 Октябрь 2023 жыл 10:47

Тема боюнча