Актёр Азиз Мурадилаев былтыр 2022-жылы 17-декабрда жарыкчылык менен кош айтышкан. Ал көп жылдан бери боор оорусу менен алышып келген. Актёрдун бейнесин, акыркы жылдардагы жашоосун, келечектеги кыялдарын анын жубайы Эльвира айым ЛЕДИ KGге айтып берди.
Анда ал актердун акыркы сөзүн айттырууга уруксат бербей койгондугу үчүн өкүнүп жургөнүн айткан.
«Улуу балабызга айтыптыр. Эмнелерди айтканын билбейм, балким ата-бала катары экөө акыркы жолу сырдашкандыр. “Балама айтчумду айттым, эми сага да айтайын” деп баштап келе жатканда эле, “кайдагыны айтпа, жакшы болуп кетесиң” деп сүйлөтпөй койчумун. Азыр эң чоң арманым ушул болуп калды»,-деп билдирген.