Азиз Сатыбалдиев 16 секундда атаандашын нокаут менен жеңди

Кыргызстандык спортчу Азиз Сатыбалдиев АКШда өткөн ММА турниринде жеңишке жетти.

Ал 22-мартта Лас-Вегаста (Невада штаты, АКШ) өткөн Tuff-N-Uff 136 турниринде негизги беттеште беттешкен.

Сатыбалдиевдин атаандашы америкалык Мэтт Жонс болду. Кыргызстандык биринчи раунддун 16 секундунда атаандашын нокаут менен жеңген.

26 Март 2024 жыл 12:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча