Бүгүн, 21-сентябрда Бишкектеги реконструкцияланып жаткан «Ала-Тоо» аянтынын расмий ачылышы өтөт.
Мэриянын маалыматына караганда, бишкектиктер жана шаар коноктору үчүн саат 18:00дө акысыз концерт уюштурулат. Ошондой эле Кыргызстанда алгачкы жолу жаңы, бийлеген от фонтандарынын ачылышы болот.
Эске салсак, борбордук аянт апрелден бери оңдолуп жатат.