Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде газ болбойт

«Бишкекгаз» ишканасы газ куурундагы оңдоо иштерине байланыштуу 6-февралдан, 7-февралга чейин айрым райондорго жаратылыш газын берүү убактылуу токтотула турганын билдирди.

Оңдоо иштери «Чыгыш 5» кичи районунун Мамбетов, Кийизбаева көчөлөрүндө жана  Жал кичи районунун Курчатов, Тыналиев, Миңжылкиев көчөлөрүндө жүргүзүлөт.

«Бишкекгаз» газ кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жаратылыш газын өчүрүү мезгилинде абоненттерден энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүнү суранат.

6 Февраль 2025 жыл 9:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча