25-мартта Бишкектеги бир катар билим берүү мекемелери электр жарыгы жана суу өчүрүлгөнүнө байланыштуу дистанттык окууга убактылуу өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
No18, No19, No75, No78 жана No86 мектептер онлайн окутууга өтүүдө. Ошондой эле бул күнү No41, No29 жана No93 бала бакчалар иштебейт.
Мэрия ата-энелерди техникалык үзгүлтүктөргө байланыштуу аргасыз чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.