Бүгүн, салык чек 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрүн аныктайт

Мамлекеттик салык кызматы 30-декабрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын башкы байгелерин ойнотот.

Салык кызматынан билдиришкендей, эртең 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.

Утуштар УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 15:00дө.

Эскерте кетсек, 25-29-декабрда 1 миң 219 баалуу байге ойнотулду.

30 Декабрь 2023 жыл 11:03

Тема боюнча