Бүгүн, 31-октябрдан тарта “Бишкекжылуулуктармагы” борбор калаанын тургундарына жылуулук бере баштайт.
«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, жылуулук берүү бир нече күнгө созулат.
Биринчи кезекте социалдык объектилерге – мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык камсыздоо мекемелерине жылуулук берилет.
Компания ошондой эле имараттардын үстүнкү кабаттарындагы жылытуучу түзүлүштөргө орнотулган желдеткичтер аркылуу жылытуу системасынан абаны чыгаруу зарылдыгына көңүл бурат.