“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү ,лидери Адахан Мадумаровду УКМК менен Ички иштер министрлигинин атайын күчтөрү 2-сентябрда кармоо учурундагы мыйзам бузууларды жарыялады.
Партиянын айтымында, Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп туруп, өз алдынча чечим чыгарууга укугу да, мүмкүнчүлүгү да болгон эмес, болгону мамлекет башчысы, президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасын аткарган.
Кеп кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу 275 метр жерге тиешелүү протокол тууралуу болуп жатат. «Протокол Кыргызстандын парламентинде да каралган эмес, бул анын эч кандай күчү жок жана Кыргызстандын тажик тарап менен сүйлөшүүлөрүнө тиешеси болбошу керек», — деп эсептейт «Бүтүн Кыргызстан» партиясы.
Алардын айтымында, эки өлкө жумушчу протоколго кол койгонуна 14 жыл болду, бул аралыкта Мадумаровдун жоопкерчилиги тууралуу маселе бир нече жолу көтөрүлгөн. 2019-жылы чек ара маселесин көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков УКМК сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүп жатканын билдирген. Мадумаровдун айтымында, кийин ал жабылган.
«Мадумаров бул маселе боюнча бир нече жолу позициясын түшүндүргөн. Биринчиден, жерди ижарага берүү аны тажик тарапка берүү дегенди билдирбейт. Экинчиден, Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Баткен-Исфана жолун куруу маселеси мына ушундайча чечилди», — деп билдирди саясий кеңеш.