Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу камактагы саясатчы Адахан Мадумаровго жооп кайтарды.
Ал саясатчынын пикирин четке кагып, төмөндөгүлөрдү билдирген.
«Адахан Кимсанбаевич, биз сизди сыйлайбыз, сиз албетте биздин жаңы тарыхта, мамлекеттүүлүгүбүздө зор салымы бар инсансыз. Азыр башыңызга иш түшүп турат. Андыктан мен табалагым келбейт. Бирок, кечээ жакындагы сөзүңүзгө убагында жооп берип койбосом, сөз кезеги келгенде айтпаса, сөз атасы өлөт дейт кыргыз.
Сиз дайыма шайлоо кампанияларына катышып, элибизге “сатыласыңар”, “саткынсыңар” деген ачуу сөздөрдү айтып келдиңиз. Бул жолу да “эл өзгөрбөптүр” деп дагы деле элди күнөөлөп жатасыз.
Кыргызда “калк айтса, калп айтпайт” деген сөз бар. Ар бир тарыхтын өз эрежелери, моменттери болот. Азыркы тарыхый моментте элдин ишеними сизге берилген жок. Ал 2021-жылы калк таразасына турганда так аныкталды. Андан кийин азыркы бийлик өткөргөн таза шайлоодо сиздин партияңыз өтүп келди, муруңкуларында «за бортом» калтырып коюшчу эмес беле.
Жогорку Кеңештеги эң тажрыйбалуу депутат катары, мамлекеттүүлүгүбүз үчүн жооптуу позицияны кармоонун ордуна, бир канча маселеге келгенде тарыхый, мамлекеттик жоопкерчиликти сезбей, элди удургуткан позицияны кармап туруп алдыңыз.
Өзгөчө Кемпир-Абад боюнча билип-көрүп, түшүнүп турсаңыз да элди удургутканга аракет кылганыңыз так эле көрүнүп турду.
Бир тууган эки элдин, кошуна эки мамлекеттин чиеленишип калган маселесинин жолу табылганда маргинал саясатчылар менен, көк мээ тилекматтар менен улуттун түпкү кызыкчылыкка каршылык көрсөтөйүн дедиңиз.
Бул тарыхый ишке элибиз дагы, Орто Азия, керек болсо Европа, АКШ дагы суктанып, мактап, кыргыз-өзбек президенттерине жогору баа берип жатканы чын.
Сиз айтып жатасыз тарых баасын берет деп. Тарых азыр баасын берди. Мындан жүз жылдан кийин да эң жогорку жетишкендик катары кабыл алынат.
Адахан Кимсанбаевич, сиз 1937-жылды айтып жатасыз. Азыркы эл менен ошол кездеги элди салыштырганыңыз абдан оор сөз. Ошондуктан мен унчукпай кое албайм.
Анткени азыр кыргыз эли эркин, эгемен! Эл толугу менен ишеним көргөзүп шайлаган бийлиги бар. Андыктан Советтер Союзу, тоталитардык режим менен салыштыруу одоно ката.
Өзүңүздү Касым, Жусуп, Абдыкеримдерге теңегениңиз да ашыкча болуп жатат. Адахан Кимсанбаевич, сиз барсыз, сиз болосуз, бирок ушул жерде жаңылганыңыз да тарыхта калды.
Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк жок, сизди тарыхтан чийгенге эч ким аракет кылбайт. Бирок, бул сөзүңүз туура эмес! Ден соолукта болуңуз деп, замандашыңыз Эдил»,-деп жазды Байсалов.