Ырчы катары таанылган Бактыгүл Бадыева жолдошу менен формалдуу түрдө гана ажырашып жатканын билдирди.
«Мен үчүн үй-бүлө биринчи орунда турат.
Ажырашуу формалдуу гана болуп жатат. Мен санариптик психологмун, цюцай илими боюнча кесипкөй адисмин. Жолдошум менен анализдеп көрүп, биздин никебизди туура датага каттоону чечтик. Эң башкысы мен жолдошумдун фамилиясын алууну каалайм. Жакында биздин сүйүү мезгилибиз жана ийгилик келет. Жаңы Жылда кайрадан баш кошобуз. Жолдошум биздин балдарыбызга мыкты ата. Ошондой эле жашоодо эң түшүнүктүү жолдош»,-деп жазды Бадыева
