Бала бакчалардын тарбиячыларынын айлыгын көтөрүү пландалууда

Кыргызстанда 2025-жылы бала бакчалардын тарбиячыларынын айлыгын көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал белгилегендей, 2025-жылдын бюджеттик планы каралып жатканда бул маселе Финансы министрлиги менен биргеликте киргизилди.

«Буйруса кийинки жылы бала бакчалардын тарбиячыларынын айлыгы көтөрүлөт», — деди ал.

5 Декабрь 2024 жыл 9:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча