Баласын баштыкка салып, көчөгө таштап кетти делген жаран кармалды

Бишкектин Арча-Бешик конушунда ымыркайын көчөгө таштап кеткен эне кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү катары 20 жаштагы С.Ж. аттуу жаш кыз кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда болжол менен саат 22:45те Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндө желим баштыкка оролуп, коробкага салынган ымыркай табылган. Баланы үй ээсинин кызы таап, милицияга кабар беришкен. Жерине кайгуул кызматкерлери барып, ымыркайды №2 төрөтканага жеткиришкен.

20 Ноябрь 2023 жыл 13:54

Тема боюнча