Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолуна жер көчкү жылып, жолду жаап калды

Кечээ, 10-май күнү саат 22:30 чамасында Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 364-чакырымында жер көчкү жылып, унаа өтүүчү жолду жаап калган.

Учурда жол каттамы жабык. Тазалоо иштери 11-май күнү «Чайна-Роуд» ишканасы тарабынан жүргүзүлөт.

Жеринде ИИМдин ЖКККББ тарабынан пост уюштурулду. Аталган аймакта 28-апрель күнү 1900 м3 жер көчкү жолго түшүп, 29-апрель күнү ачылган.

11 Май 2024 жыл 15:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча