Бархат Алжамбаев Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды

Алжамбаев Фархат Абды-Хамитович Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Фархат Алжамбаев «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесине ылайык дайындалды.

Алжамбаев 42 жашта, Ысык-Көл кооперативдик институтун бүтүргөн, буга чейин “Каракол суу канал” ишканасынын директору болуп иштеген.

25 Май 2024 жыл 10:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча