Башкы прокуратуранын имаратынын жанында эркек киши өзүн -өзү өрттөп жиберди

Бишкекте Башкы прокуратуранын имаратынын жанында эркек киши өзүн -өзү өрттөп жиберди. Бул тууралуу  видеону активист Ыргалай Бекмуратова социалдык тармактагы баракчасына жарыялады 

Анын айтымында, ал киши кыймылсыз мүлккө байланыштуу адилетсиздикке нааразы болгон.

«Бул менин көз алдымда болду. Ал адам Мамлекеттик ишкананын имаратынын жанында турган. Анан бөтөлкөдөгү суюктукту өзүнө куя баштады. Мен чай деп ойлодум. «Андан кийин ал өзүн өрттөп жиберди»,-дейт Бекмуратова.

Ал эми тиешелүү мекеме азырынча маалымат бере элек.

20 Январь 2025 жыл 13:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча