Баткенде гашиш менен кармалган жаран «пара берем» деп кармалды

Мурда бир нече жолу соттолгон жаран кылмыш ишин бүтүрүү максатында акча беремин деп колго түштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирет.

Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери алынган ыкчам маалыматтын негизинде Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш ишин козгоп, 2024-жылдын 11-май күнү Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында Кызыл-Кыя шаарынын  62 жаштагы А.С. аттуу тургунун текшерген учурда анын жанынан кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.
     
Алынган затка соттук-химиялык экспертиза дайындалып, эксперттин 11.05.2024-жылдагы корутундусуна ылайык, жалпы салмагы Згр. 43мл.граммды түзгөн "гашиш" түрүндөгү банги зат каражаты экендиги аныкталган.

Жогорудагы кылмыш ишти жаап, кыскартып салуу максатында кылмышка шектүү 62 жаштагы А.С. Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерине акча сунуштаган. Бул билдирме Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн КБРне кылмыш жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштайт.

Кылмыш ишинин алкагында, Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Ички иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери, Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Баткен облусундагы УКМК кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Женго” каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү,  “Хажы” каймана аты менен жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 62 жаштагы А.С. аттуу тургуну өзүнүн мурда жасаган, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын КЖКнын 283-беренеси менен катталган кылмыш ишин жаап, бүтүрүү максатында 2024-жылдын 27-май күнү милиция кызматкерине пара катары 1000 (бир миң) АКШ долларын берген учурда кармалган.

Кылмышка шектүү катары кармалган А.С. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
29 Май 2024 жыл 9:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча