Баткенде милиция кызматкерлери үчүн кызматтык турак үйдүн курулушу башталды

Баткендин Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн кызматтык турак үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Көп кабат турак үй 32 батирлүү болуп салынат. Ал Лейлек райондук милициянын өздүк курамы үчүн курулат.

Курулуш иштерин ИИМдин Курулуш-монтаждоо башкармалыгы жүргүзөт. Үйдү быйыл 1-ноябрга — Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата бүткөрүү пландалууда.

Облустук милициядан белгилешкендей, буга чейин Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн салынган кызматтык үй болгон эмес.

15 Май 2024 жыл 19:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча