Баткенде милициялар 80миң сом айлык алышат

Ички иштер министрлигинин кызматтык унааларын тапшыруу аземинде министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык маянасы бир топ көтөрүлгөндүгүн айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жапаровдун айтымында, 2019-жылы милициянын катардагы инспектору 24 миң сом алса, азыр 45 миң сом алат.

«Ошол эле учурда Баткенде кызмат өтөгөн милициянын кызматкерлери 2019-жылы 24 миң сом алса, азыр 80 миң сом алат, дароо 50 миң сомго көбөйттүк», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

4 Январь 2024 жыл 10:07

Тема боюнча