Баткендеги полковник Бишкекте генерал болууну каалабайт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги полковниктин эмнеге Бишкекке генерал болуп келбей койгонун айтты.

Анын айтымында, Баткендеги полковникти Бишкекке жумушка чакырышкан. Өзү сүйүнгөн бойдон кеткен, бирок 2-3 күндөн кийин унчукпай калган. «Аялым генерал болбой эле кой, сен чыныгы полковникник, 2 жылдан кийин пенсияга чыгабыз. Ал жакка барбайбыз дептир. Өзү 120 миң сом алат экен. Аялы ошол аскер бөлүгүндө иштеп 80 миң сом алат. Биз Бишкекке барбайбыз деп жатышат. Айлыкты жакшы эле көтөрдүк»,- деди ал.

22 Февраль 2024 жыл 10:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча