Баткендеги унаа кырсыгында 4 адам көз жумду

Такталгандай, кырсык 18-октябрга караган түнү саат 02:50 чамасында Ош-Баткен-Разаков жолунун 76-800-чакырымында катталды. Ош облусунун Ж.Н. аттуу тургуну «Мерседес-Бенц-211» автоунаасы менен батыштан чыгышты карай бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып, «Хонда-Степвагонду» сүзгөн. Экинчи унааны Кызыл-Кыя шаарынын И.А.М. аттуу тургуну башкарып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы 4 адам ооруканага жеткирилди.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, жол кырсыктын жагдайлары боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

18 Октябрь 2024 жыл 11:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча