Базар-Коргон районунунда үч балалуу келин дайынсыз болууда

Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын Жаңы-Акман айылынын тургуну 1988-жылы туулган Абдалиева Наргиза Эркиновна 28-февраль күнү 11 жана 7 жаштагы кыздары, 2 жаштагы уулу менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Абдалиева Наргиза Эркиновна жана анын балдарынын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Келиндин өзгөчө белгилери: Бою 160-165 см, ак-саргыл өңдүү, чачы кара, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Ак-саргыл түстөгү куртка, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Абдалиева Наргиза Эркиновна жана балдары тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

☎️ Тел.: 102, (03736) 5-02-61, 0224 00 00 15.

11 Март 2024 жыл 13:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча