Базар-Коргондо сел унаа жолун бөгөп калды

Бүгүн, 6-майга караган түнү саат 02:35тер чамасында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөттүндө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Кекилик тилкесинин Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун 14-чакырымында колоттордон сел суулары түшүп, жол каттамын кыйындаткан.

Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана жарандык коргоо кызматтары тартылып, тактоо жана калыбына келтирүү боюнча тийштүү жумуштарды алып барышкан. Учурда жеринде №50 жол тейлөө ишканасынан 1 бирдик авто жүктөгүч тартылып, жолду кеңейтүү жана тазалоо жумуштары жүрүүдө.

6 Май 2024 жыл 9:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча