Бейшенбеков: «Жапаров менен Ташиев жаңы Кыргызстанды куруп жатат!»

Өлкөдө орун алып жаткан ийгиликтер жана бийликтин алып барып жаткан саясаты боюнча боюнча “Чындык Медиа” маалымат агенттигинин жетекчиси, журналист Турсунбек Бейшенбеков «BIA.kg» агенттигине азын-оолак өзүнүн пикирин билдирди.

Учурда өлкөдө болуп жаткан окуяларга кандай баа бересиз? Бийликтин багыты кандай нукта кетип жатат?
— Ооба, бүгүнкү күндө бийлик элдин ишенимин актоого болгон күч аракетин жумшап жатат. Алсак, буга чейин эл бийликке ишенбей, жогору жакты коррупциядан башы чыкпаган оргнаизация катары карап келген. Азыр андай эмес, элдин бийликке болгон ишеними артып, үмүт пайда болду. Мен саясатка аралашып калган жаран катары ар-дайым эл менен жолукканда саясаттан кеп козгоп, бийликке болгон көз-караштарын билүүгө кызыгам. Көпчүлүк бийликтин иш-аракеттерине канааттандыраарлык баа берип жатат. Албетте, беш кол тең эмес, айрым азыркы саясатты колдобогон, сын көз караштагылар да бар. Жеке мен учурдагы бийликтин эл үчүн эң керектүү, тагыраагы карапайым калктын көксөөсүн аткарып жатканына ыраазымын. Мисалы, Кыргызстанды үч багытта дүйнөлүк державага айлантсак болот. Алар: Туризм, Айыл чарба жана энергетика тармагы. Мен бул багыттарды өнүктүрүү керек экенин 10жыл мурда эле айтып, гезиттерге маек берип келгем. Асмандагы айды алып берем дебей, өлкөнүн абалына, жер кыртышыбыздын шартына ылайык өнүгүүнүн жобосун иштеп чыгуу зарыл экенин. Бул багыттар боюнча Кыргызстан алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирсе болот. Ага бардык шарттар бар, болгону өнүктүрүп ишке ашыруу кажет. Учурда бул үч тармак боюнча эбегейсиз иштер аткарылып жатканына күбө болуудабыз. Ошондой эле коомго терс таасирин тийгизген диний башаламандыкты контролдоо, криминалды, сойкулукту жок кылуу жана коррупция менен күрөшүүдө кандай гана иштер аткарылды. Мындай чечкиндүү кадамга эч бир бийликтин эрки жеткен эмес да, туурабы? Азыр өлкөдө мыйзам иштеп, бардык тармактар боюнча тартип орноп калды. Аны менен бирге мамлекеттик кызматкерлердин айлык маяналары менен пенсионерлердин пенсиялары (мугалим, дарыгер, күч түзүмдөрү ж.б) 100 пайызга жогорулады. Бул деген бийликтин элине кам көрүп жатканынан кабар берет эмеспи?.

Үч багыт боюнча алгылыктуу иштер аткарылды деп калдыңыз. Кандай иштер аткарылды?

— Мурда ири долбоорлордун жоболорун иштеп чыгып, аткарууга келгенде эле бюджетибиз таңкыс деген шылтоо менен инвестор издеп келсек, азыр өлкөнүн бюджети жогорулап, мамлекеттин күчү менен ири долбоорлор ишке ашып жатат. Президентибиз Садыр Жапаров Кумтөрдү өлкөгө кайтарам дегенде көпчүлүк колунан келбейт, бул жомок дешти. Иш жүзүндө Кумтөр мамлекетке өттү. Учурда Кумтөр бюджеттин тешигин бүтөп, мамлекеттеги ири долбоорлорду ишке ашырууда чоң салымын кошуп жатат. Мен бир нерсеге токтолгум келди. Президентибиз кайсы долбоорду көтөрүп чыкпасын, ага ишенбей күмөн санагандар көп болду. Ооба, буга чейин кедей өлкөбүз, бюджетибиз жарты деп көндүрүп койгон элибизге президентибиз Садыр Жапаровдун демилгелери жомоктогудай сезилди да. Бирок, жыйынтыгында президентибиз демилгелеген долбоорлордун 70 пайызы аяктап, 30 пайызы курулуп жатканын көрүп жатабыз го? Президент Садыр Жапаров өзүнүн иш билгилиги, чечкиндүүлүгү менен элдин бийликке болгон ишенимин кайтарып, купулуна толуп турган кези. “Жандооч кийик аттырат” демекчи, президенттин жанында Камчыбек Ташиевдей, Каныбек Туманбаевдей эрктүү кадрлар турганда өлкөдө өнүгүү улана берет. Мисалы, Жаңы Ак үйдүн курулушун баштаарда, Борт №1 атайын делегациялар үчүн учагын сатып алаарда ж.б.у.с учурларда айрым бузукулар сындап чыгышкан, казынада акча жок, өздөрүнүн жыргалчылыгын ойлоп жатышат деп. Натыйжада жаңы ак үй курулуп, Борт №1 учагы алынды. Өлкөнүн имиджи үчүн булар аба-суудай керек. Айланайын байболгурлар, учурда өлкө толук кандуу өнүгүү жолунда экенин, казынабыз толук экенин бийлик сөз менен эмес, иш менен далилдеп жатпайбы. Мисалы, президентибиздин ири долбоорлоруна токтолсок, Коргоо тармагын күчтөп, Байрактар, Аксунгур дрондору, зениттик ракеталык комплекс, ж.б заманбап коргонуучу техникаларды алып келди. Чек ара маселелери чечилүүдө. ИИМ, ӨКМ, Саламаттык сактоо, Айыл чарба, Транспорт жана коммуникация министрликтерине жаңы жабдуулар жана ири техникалар алынып келинди. Ошондой эле көпчүлүккө жомок болгон Бишкек шаарын микро автобустардан тазалап, шаарыбызга ылайыктуу болгон автобустар келип, каттамдарга чыкты. Ошондой эле Бишкек шаарынын ички жолдору , борбордук Ала-Тоо аянты толук оңдолуп жатканына шаардыктар кубанып турган кез. Курулуш тармагы жанданып, ири курулуштар жүрүп жатат. Жаңы ак үй, мамлекеттик ипотекалык үйлөр (бардык аймактарда), мамлекеттик мекемелердин имараттары, ири, орто жана чакан ГЭСтердин жапырт курулушу, туризм тармагы боюнча алдыга жылыштар орун алып, өлкө боюнча бардык пансионат, курорт жана санаторийлер толук реконструкция болду. Ошондой эле кышкы туризмди өнүктүрүү жаатында да курулуш иштери уланып жатат. Спорт тармагында тарыхта болуп көрбөгөндөй курулуш иштери башталды. Элибиз эңсеп, бирок ал кыял бойдон калат деп жүрдү эле, мына 50 миңден ашык адамды батырган ФИФАнын талабына жооп берген футболдук стадиондун курулушу башталды. Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадион кичи аренасы менен жана өлкөнүн бардык аймактарындагы стадиондор оңдолуп жатат. Ал гана эмес заманбап ипподромдун курулушу да ыкчам жүрүүдө. Жети дубанга жети заманбап аеропорттор курулуп, ички каттамдар жандана баштады. Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен мамлекеттик ири ишканалар менен имараттар кайрадан кайтарылып жатат. Өлкө боюнча жол курулуштары ыкчам жүрүп жатат. Салык тармагы реформаланып, салыктан эч ким качпай казынага төлөп калды. “Учкун” ААКы толук модернизацияланып, эң маанилүү документтер, жалпы жарандык паспорт, ID карталар өзүбүздөн чыгып, өлкө бюджетин экономдоого өбөлгө түзүлдү. Жогоруда тизмектеп берген ийгиликтер өнүгүүгө карай жол эмеспи? Качан өлкөдө мындай тарыхый ачылыштар болду эле? Демек, Президент айтты, Президент аткарып жатат да туурабы, ыя? Бул мен билгендерим гана. Кыскасы, бөйрөктөн шыйрак чыгарбай, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жаңы өнүккөн Кыргызстанды куруп жатканын моюндашыбыз керек. Бул факт.

«BIA.kg» агенттиги “Чындык Медиа” маалымат агенттигинин жетекчиси, журналист-Турсунбек Бейшенбековго маек берүүгө бөлгөн убактысы үчүн ыраазылык билдирет.

3 Август 2024 жыл 19:00

Тема боюнча