Бек Исраилов «Ну-ка, все вместе!»сынагына кандайча катышкандыгын айтты

Ырчы Бек Исраилов Москвада өтө турган «Ну-ка, все вместе!» сынагына кандайча катышып калгандыгы тууралуу Кактус Медиасына маек берген.

«1 жыл мурда «Славян базары» конкурсуна катышып, калыстар тобундагы Яна Клявиня менен таанышып калгам. Ошол айым «муну менен токтоп калбастан Москвада өтө турган «Ну-ка, все вместе!» сынагына катыш, мен ойлойм, сен ошол жактан да ийгиликке жетишесиң» деген. Ошонун сунушунан кийин долбоорго катышуу ниетимди билдиргем, мага дароо канааттандырган жооп келди. Россиядан уюштуруучулар чалышты, 2 айга чукул даярдандык. Мен аткара турган ырдын жаңы аражировкасын беришти, бул жактан даярданып жаттым. Продюсер, музыкант, жардамчылар менен видео чалуу аркылуу байланышып турдук. Биринчи турга даярданууда көбүрөөк убакыт берилген. Андан кийинкилерине убакыт аз болуп калды. Кийинки аткарууларым кандай болуп калды деп ойлонуп жатам. Себеби биринчисинде 99 эксперттин, көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болгондон кийин жарым финалдагы аткаруум кандай болуп калат болду экен, биринчидегидей эле жакшы кабыл алынабы деп сарсанаа болуп жатам»,-дейт ырчы.

12 Октябрь 2023 жыл 9:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча