Бекзат Алмаз уулу Олимпиадад коло медаль үчүн ат салышат

Эркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу Париждеги Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн ат салышат.

57 кг салмакта күрөшкөн Алмаз уулу кечээ, 8-августта таймашка чыккан. 1/8 финалдагы биринчи беттешинде казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде уткан. Бирок чейрек финалда америкалык Спенсер Лиге 2:12 эсебинде жеңилген.

Спенсер Ли финалга чыккандыктан, Бекзат Алмаз уулу көңүл жубатуучу беттеште таймашка түшүп, коло үчүн таймашты улантууга мүмкүндүк алды.

Бүгүн, 9-августта өтө турган көңүл жубатуучу кармашта ал кытайлык Ванхао Цзоу менен күч сынашат. Эгер аны жеңсе, үчүнчү орун үчүн күрөшөт.

9 Август 2024 жыл 10:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча