
Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында беш жаңы депутат — Айжигит Тыналиев, Бакытбек Марипов, Арсланбек Эгембердиев, Аккулу Бердиев жана Эрнис Айдаралиев ант берди.
Ал эми, бүгүн ант берип, кызматына киришкен эл өкүлдөрүнүн айрымдары депутат болорун интернеттен угушкан. Алардын бири “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан Адахан Мадумаровдун ордуна келген депутат Аккулу Бердиев . Ал депутат болгонун интернеттен укканын жашырган жок.
«Депутат болорумду интернеттен окудум. Эртеси гана БШКдан чалышты. Анан насип жана буйрук экен эми кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн иштейбиз. Баары алдыда»,-деди жаңы келген депутаттарынын бири Аккулу Бердиев.
Белгилей кетсек, Айжигит Тыналиев №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан, Бакытбек Марипов №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келди.
Арсланбек Эгембердиев парламенттеги “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан Мейкинбек Абдалиевдин, Аккулу Бердиев “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан Адахан Мадумаровдун, Эрнис Айдаралиев “Ыйман Нуру” фракциясынан Нуржигит Кадырбековдун ордуна депутат болду.