Бийликти басып алууну көздөгөндөрдүн арасында депутат барбы?

Бийликти басып алууну пландаган деп шектелгендердин үйү менен унаасынан курал-жарактын түрү жана ЖК депутатынын аскердик билети табылган.

Кечээ УКМК бийликти күч менен басып алабыз деген деструктивдүү топтун беш мүчөсүн кармаган.  

Алардын жашаган жеринен жана автоунаасынан 50 мылтык, 20 тапанча, 255 миңден ашык ок-дары, 200дөй укук коргоо кызматкерлеринин формасы, ок өтпөс кийимдер, 2 дрон, колго жасалган жардыргыч заттар, диний адабияттар табылган.

Мындан тышкары, бир катар жарандардын өздүк документтери да табылган. Алардын арасында депутат Марлен Маматалиевге таандык аскердик билет да чыккан.

УКМК учурда бул боюнча кошумча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

6 Июль 2024 жыл 22:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча