Билол Шарип уулу жана Орозобек Токтомамбетов Азия чемпионатынын (U-23) жеңүүчүлөрү болду

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Билол Шарип уулу жана Орозобек Токтомамбетов Азия чемпионатынын (U-23) жеңүүчүлөрү болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, чемпионат Иорданиянын Амман шаарында өттү.

Билол Шарип уулу 65 кг салмак чен бирдигинде финалда индиялык Рохит аттуу балбанга кес келип, жыйынтыгында 6:0 эсебинде “туше” ыкмасын колдонуп Азия чемпионатынын жеңүүчүсү аталды.

Орозобек Токтомамбетов 74 кг чейинки салмакта индиялык Джейдип аттуу спортчуну жеңип, 23 жашка чейинкилер арасында үчүнчү ирет Азия чемпиону болду. Буга чейин 70 кг салмакта 2022 жана 2023-жылдары Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болгон.

Мындан сырткары, эркин күрөш боюнча Юхан Доктурбек уулу менен Канат Керимбековдор коло медалга ээ болушту.

1 Июль 2024 жыл 13:04

Тема боюнча