Бир шайлоочуга кеткен чыгымдын суммасы 120 миң 46 сомду түзгөн

Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасы бекитилгенин билдирди.

Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт.

«Жалпысынан 495 миллион 718 миң сом каралган. Анын ичинен 201 миллион 881 миң сом шайлоону уюштурууга, анын ичинде маалымдоого, комиссияларды окутууга, байланышты камсыз кылууга, маалыматтык материалдарды басып чыгарууга, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таркатмаларды аймактарга жеткирүүгѳ жумшалат. 293 миллион 838 миң сом аймактык 56 шайлоо комиссияларынын жана 2439 участкалык шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылууга керектелет», — деп айтылат маалыматта.

2024-жылдын 23-сентябрына карата алдын ала маалыматтар боюнча республикада 4 миллион 114 миң 931 шайлоочу бар. Бир шайлоочуга кеткен чыгымдын суммасы 120 миң 46 сомду түзгөн.

БШК шайлоону каржылоодо ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыздоо максатында «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» автоматташтырылган маалыматтык системасы колдонуларын эске салды.

26 Сентябрь 2024 жыл 9:19

Тема боюнча