
World Air Quality уюмунун сайтында 3-февраль күнү Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө кайрадан биринчи орунга чыкты. Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектин борборундагы көрсөткүч (AQI) саат 19.00гө карата 340ты көрсөттү.
Аба таза болушу үчүн бул көрсөткүч 50дөн ылдый болушу керек.
Сайттагы маалыматта Бишкектеги абалга «адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу» деген баа берилген.
Кыргызстандын борборунан кийин абасы кир шаарлардын катарында Мянманын Янгон, Орусиянын Красноярск, Казакстандын Алматы жана Бангладештин Дакка шаарлары турат.
Башкалаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды.