Тартылган күч каражаттардын жардамында Бишкек ‐ Ош унаа жолунун 127-чакырымына түшкөн кар көчкү саат 10:20да толук тазаланып, жеңил унааларга эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматынан билдиришти.
Ал эми оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 540м3.
Жабыркагандар жок.
Белгилей кетсек көчкү аталган унаа жолго бүгүн, саат 09:07 чамасында түшкөн.