Бишкек-Ош жолундагы үрөй учурган кырсык эки адамдын өмүрүн алды (видео)

Кечээ Бишкек — Ош жолундагы автокырсыктан эки киши каза тапты. Бул туурасында Чүй облустук жол милициясынан билдиришти.

Каргаша саат 13:30дар чамасында Суусамырдын тушунда болгон.

Милициядан Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунааны айдап бара жаткан киши рулду башкара албай, оор жүк ташыган Volvo менен кагышканын айтышты. Мунун кесепетинен минивэнден эки киши көз жуумп, дагы эки адам Жайыл райондук ооруканасына тез жардам менен жеткирилген.

11 Ноябрь 2024 жыл 13:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча