Азамат Токтоналиев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматына ылайык, Ички иштер министрлигинде ИИМдин Коллегиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы тууралуу кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы талкууланды.
Жыйынтыгында Азамат Ногойбаев Бишкек ШИИББнин башчысы кызматынан бошотуоуп, анын ордуна Талас ОИИБнин мурдагы башчысы Азамат Токтоналиев дайындалды.