Бишкек шаарында сойкукана уюштурган шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарында сойкукана уюштурган шектүүлөр кармалды. Бул туралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жай тууралуу маалымат милицияга 23-январга караган түнү берилген. Айтылган дарекке Биринчи май РИИБдин ыкчам тобу барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн.

«Интимдик кызмат көрсөткөн кыздардын бири бул жайды 2 жаран уюштуруп, кыздардан кирешенин бир бөлүгүн алып турушканын айтып берди. Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпыластыкка көмөктөшүү) менен катталды. 1999-жылы туулган А.С. жана 1998-жылы туулган К.К. шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланып жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Милиция Бишкек шаарындагы интимдик кызмат көрсөтүлгөн жайлар тууралуу маалыматы бар жарандарды кабар берүүгө чакырат. Байланыш номуру: Whatsapp +996 (701) 700-251, 0 (312) 56-60-43 жана «102» кызматы.

28 Январь 2025 жыл 13:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча