«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» жумушка чакырат

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы өз жамаатына жооптуу жумушчуларды чакырат.

Мэриядан билдиришкендей, ишканага жашы 20дан жогору, төмөнкү адистиктер боюнча кызматкерлер талап кылынат:
— Слесарь;
— Май алмаштыруучу слесарь;
— Электрик;
— Генераторщик ;
— Көчө шыпыргыч.

Иш убактысы саат 09:00дөн 17:00гө чейин.

«Толук маалымат алуу үчүн 0312 531789 номери боюнча кайрылсаңыздар болот», — деп айтылат маалыматта.

26 Март 2024 жыл 10:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча