
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек жана Чүй облусундагы абанын булганышы боюнча отчет берди. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынындагы баяндаманы министр Медер Машиев берди.
Машиев катализаторсуз унаалардын иштеши, бак-дарактардын кыйылышы жана башаламан өнүгүү абанын булганышына олуттуу таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
«Смог дагы деле бар, бирок анын көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу азайды», — деди министр.
Министрдин айтымында, эл аралык уюмдардын изилдөөсүнө ылайык, Бишкектеги түтүндүн негизги себептери болуп төмөнкүлөр саналат:
Эскерте кетсек, өткөн жылына салыштырмалуу статистика өзгөргөн. Алсак, буга чейин Жаратылыш ресурстар министрлиги 2023-жылдагы изилдөөлөрдүн маалыматтарына таянып, Бишкектеги түтүндүн себептери төмөнкүдөй экенин билдирген: