Бишкек ЖЭБна жаңы директор келди

Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) директору Алпбек Садыров өзү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Нургазы Курманбеков дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы директорду ЖЭБдин жамааты менен вице-мэр Талайбек Байгазиев тааныштырды.

Нургазы Курманбеков “Электр станциялары” коомунда, Бишкек ЖЭБинде ар кайсы кызматтарда иштеген. 2021-2022-жылдары аталган ЖЭБде директор болгон.

Президент Садыр Жапаров 5-апрелде “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда башка маселелер менен катар «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын филиалдары: Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жана Ош ЖЭБи, “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы да муниципалдык жылуулук менен жабдуучу ишканаларды түзүү жолу менен тиешелүү мүлкү, штаттары, каржылоосу жана милдеттенмелери менен чогуу жергиликтүү бийликтин жана шаар мэрияларынын балансына өткөрүп берүү каралган эле.

Майдын аягында Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында борбор калаадагы Чыгыш автобекетинин имаратын, “Бишкек жылуулук тармактары” мекемесинин филиалдарын, Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жана башка объектилерди Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө токтомдун долбоору жактырылган. Жогорку Кеңеш бул боюнча мыйзамды июнда кабыл алып берди.

Быйыл 2-февралда Бишкек ЖЭБинде жарылуу болгон. Анын айынан электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, үч күндөн кийин калыбына келтирилген. Кырсыкта беш адам жабыркап, абалы оор эки жумушчу Түркияда дарыланып келди.

2 Июль 2024 жыл 10:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча