Бишкекте №12 автобус каттамынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрөт

Бишкек шаарында 2024-жылдын 7-мартынан тартып «ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы тейлеген №12 автобус каттамынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Жаңы каттам боюнча 12-автобус С. Каралаев жана И. Ахунбаев көчөлөрү аркылуу 7-апрель көчөсүнө чыгып, андан ары эски схема менен Арашан айылына барат.

Мэриянын маалыматында,  аталган каттамга күнүнө 20 автобус чыгат. Мындай өзгөрүү шаардын коомдук транспорт тармагын оптималдаштыруунун алкагында жүрүүдө.

7 Март 2024 жыл 11:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча