Бишкек шаарында бүгүн, 3-июлдан тартып №23 автобустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, каттамды өзгөртүү шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана Ак-Бата конушунун тургундарынын кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынды.
Жол кыймылынын картасын шилтемеден табууга болот.