Бишкекте 25-апрелден тарта карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт.
Бишкек электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, учурда 5,1 миңден ашык тиричилик абоненттеринин карызы бар.
Керектөөчүлөр өздүк эсеби тууралуу маалыматты компаниянын сайтындагы “Абоненттин балансы” рубрикасынан же болбосо “Мой свет” тиркемесинен ала алат. Ошондой эле абоненттер өз балансын күнү-түнү иштеген колл-борборуна төмөнкү номерлерге чалып биле алат:
же 0556 00 12 09 WhatsApp номерине билдирүү жөнөтүүгө болот.
Электр энергиясы үчүн төлөмдөр атайын кассалардан сырткары:
Бишкек электр тармактар ишканасы абоненттерди ыңгайсыздыктар болбоосу үчүн электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү кечиктирбестен өз убагында төлөөгө чакырат.