Бишкекте 4 күн азык-түлүк продукциясынын жана товарлардын жарманкеси өтөт

Бишкек шаарында 20-23-март күндөрү азык-түлүк продукциясынын жана товарлардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

Министрлик жарманке ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо үчүн жана айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу максатында уюштурулуп жаткандыгын билдирди.

20 Март 2025 жыл 12:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча