Бишкекте 500дөн ашык көп кабаттуу үйлөр курулууда. Сапаты кандай?

Учурда Бишкекте 500дөн ашык көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Бул тууралуу
Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары Талантбек Иманакун уулу Жогорку Кеңештин тармактык комитететинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, шаарда 67 миң үй бар
алар 57 миң — жеке үйлөр, 3,3 миң. —
көп кабаттуу үйлөр.

Депутат Балбак Түлөбаев «Бишкектеги курулуштун сапаты жөнүндө эмне айтууга болот? Сиз курулуштун сапатын текшерип жатасызбы?»,-деп суроо салды.

Өз кезегинде министрдин орун басары көзөмөл катуу жүрүп жаткандыгын билдирди.

23 Октябрь 2023 жыл 14:58

Тема боюнча