Бишкекте Абдрахманов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү ачылды

Бишкек шаарындагы жолдорду оңдоо жумуштарынын алкагында, 24-июлда Абдрахманов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү ачылды.

Мэрия буга байланыштуу №42, 55, 100, 145, 152, 169, 226 автобус каттамдарынын кыймылы өзгөргөнүн кабарлады.

Белгилей кетсек, Ж. Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жибек-Жолуна чейинки бөлүгүндө эски асфальтты сыйруу, бордюр орнотуу жана асфальт басууга даярдык жумуштары жүрүп жатат.

24 Июль 2024 жыл 16:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча