Бишкекте айдоочу бир кишини өлтүрө сүзүп, 8 жаштагы баланы жарадар кылган

Буга чейин социалдык тармактарда Алма-Ата көчөсүндө жөө адамды унаа өлтүрө сүзүп кеткени тууралуу маалымат тараган. Кырсык боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти. 

Маалыматка караганда, кырсык 26-октябрда болжол менен саат 20:30 чамасында катталган. 1978-жылы туулган айдоочу Kia Rio унаасы менен жолдон өтүп бара жаткан жарандарды сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1946-жылы туулган жаран алган жаракатынан улам каза болуп, 2016-жылы туулган бала ооруканага жаткырылган.  Айдоочуга карата тийиштүү экспертиза дайындалган. 

28 Октябрь 2024 жыл 12:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча