Бишкекте автобустун айдоочусу 1 адамды өлтүрө сүздү (видео)

Бишкекте автобустун айдоочусу 3 адамды сүзүп, бирөө каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун , 24-октябрда саат 14:30 чамасында айдоочу 1968-жылы туулган Р. Э. №48-маршруттук каттамда жүргөн ZHONGNONG үлгүсүндөгү автобус менен Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө чыгыш багытка бара жатып, Ала-Арча көчөсүнүн кесилишине жетпей жөө өтмөктөн эки адамды сузүп алган жана автобустун ичиндеги жүргүнчүлөр дагы кулаган.

Натыйжада жөө жүргүнчү 1939-жылы туулган Т.И. окуя болгон жерден өзүнө келбестен каза болгон. Жабыркагандар жөө жүргүнчү 1975-жылы туулган Т. С. баш мээси чайкалып, башынан жаракат алып Улуттук ооруканага жаткырылган. Ал эми автобустун ичинде кулаган жүргүнчүсү 1997-жылы туулган Б. А. дагы ооруканага кайрылган.

Учурда автобус унаасы айып аянтына токтотулуп, тийиштүү экспертизалары дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.

Теги:
25 Октябрь 2023 жыл 11:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча