Бишкекте азык-түлүк дүкөнү толук күйүп кетти

Бишкекте азык-түлүк дүкөнү толук күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-майга караган түнү Арча-Бешик конушунун Шералиев көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 02:56ден тарта жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 04:07де чектөөгө алынып, саат таңкы 5:06да толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган дүкөн толугу менен күйгөн.

Такталган маалымат боюнча, өрттөн жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

26 Май 2024 жыл 14:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча