Бишкекте бир айдын ичинде жети кичи автобус линиясы алынып салынат

Бишкекте бир айдын ичинде жети кичи автобус линиясы алынып салынат – бул 120 маршрутка дегенди билдирет.

Мэриянын маалыматына караганда, рейддердин жыйынтыгында айрым жеке жана муниципалдык компаниялардын жетекчилери жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча милдеттерин аткарбаганы аныкталган. Тагыраагы, айрым айдоочулар жеке себептерден улам ишке чыкпай, шаардыктарга ыңгайсыздык жаратышкан.

Мындан улам, мэрия айрым ишканалар менен келишимдерди бузду.

Линиядан чыгарылган кичи автобустардын ордуна автобустар ишке киргизилет.

28 Февраль 2024 жыл 8:35

Тема боюнча